Прокуратура депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууну көздөөдө

Прокуратура депутат Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууну көздөөдө

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук алуу үчүн парламентке сунуш келтирди. Бул тууралуу төрага Нурлан Шакиев билдирди.

Регламент боюнча, парламент аталган маселени кароо үчүн депутаттык комиссия түздү. Ага “Мекенчил” тобунан Данияр Төлөнов, “Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясынан Элдар Сулайманов, “Ишеним” фракциясынан Бахридин Шабазов, “Элдик” тобунан Кубанычбек Самаков, “Бүтүн Кыргызстандан” Алишер Эрбаев, “Ынтымактан” Бакыт Тентишев, “Ыйман Нуру” фракциясынан Султанбай Айжигитов жана “Альянс” фракциясынан Азамат Исраилов кирди.

Эскерте кетсек, Эмил Жамгырчиев буга чейин Каржы полициясынын төрагасынын орун басары кызматын ээлеген. 2020-жылы октябрь айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Эмил Жамгырчиев менен өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов бизнесменден аткезчилик иш боюнча оң чечим чыгаруу үчүн пара алган деп шектелип кармалышкан. 2021-жылы февраль айында ал мамлекетке 20 млн сом төккөнү кабарланган. Кийинчерээк райондук соту аны актоо чечимин чыгарган.

2022-жылы 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал депутат кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин кармалып, кайра кое берилгени, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салынганы тууралуу маселени көтөрүп, аны Жамгырчиевдин Кемпир-Абад маселеси боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырган.

Ошондой эле, Акаев буга чейин Эмил Жамгырчиевге козголуп, сот тарабынан актоо чечими чыккан ишти кайра жандандыруу аракети болуп жатканын айткан. Аны менен бирге, ал Жамгырчиевдин үйү менен унаасынан үн жана видео жаздыруучу жабдык табылганын билдирген.

Ал эми УКМК Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экенин билдирген.

2022-жылы 6-декабрда Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

Кийинчерээк 26-декабрда УКМК Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткенин билдирген.

Жаңы жылдык эс алуудан кийин 2023-жылдын 11-январында Жамгырчиев парламенттин жыйынына келип, өлкөдөн чыкпаганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>