Эксклюзив

Чек арасыз сүйүү жана айыл юмору: «Тентек кыз» комедиясы прокатка чыгууда

19.11.2026 | 13:34
Чек арасыз сүйүү жана айыл юмору: «Тентек кыз» комедиясы прокатка чыгууда — Новости Кыргызстана

Кыргыз тилин дээрлик билбеген шаардык кызды көнүмүш жашоосунан алыс — айылда эмнелер күтөт? Сүйүү, күтүлбөгөн окуялар жана көптөгөн күлкүлүү жагдайлар — мунун баары жаңы «Тентек кыз» комедиясында камтылган. 17-ноябрда Бишкекте тасманын жабык көрсөтүүсү өтүп, андан соң жаратуучулар жана актерлор Reporter.kg сайты менен көшөгө артындагы окуялар тууралуу бөлүштү. Ал эми бүгүн, 19-ноябрда фильм бүткүл Кыргызстан боюнча чоң экрандарга чыгууда.

Тасманын продюсери Болсун Расылбеков «Дос продакшн» тобу буга чейин негизинен драма жанрында иштеп келгенин айтты. Алардын эсебинде «Кош дегим келбейт 1», «Кош дегим келбейт 2» жана «Кечир» тасмалары бар. «Тентек кыз» жаратуучулар үчүн комедия жанрындагы алгачкы тажрыйба болду.

— Бул тасмада биз сүйүүнү, айылдык баалуулуктарды жана айыл жашоосунун сулуулугун көрсөткүбүз келди. Анткени Бишкектин тургундарынын дээрлик бардыгы айылдан чыккандар. Биз шаардыктарга көпчүлүгү бара-бара унутуп бара жаткан туулуп-өскөн жерлерин эске салып, бала чагын эстетип, бир аз муңайтып, чын дилден күлдүргүбүз келди. Биздин башкы максатыбыз да ушул болчу.

— Тартуу иштери кандай өттү? Кызыктуу окуялар болдубу?

— Биз тасманы Төмөн-Суу айылында тарттык. Жергиликтүү тургундар бизди абдан колдошту: тамак-аш, суу алып келип, бардык жагынан жардам берип турушту. Биз аларга абдан ыраазыбыз. Бет ачарга айылдын бардык тургундарын чакырганбыз, бүгүн алар да тасманы көргөнү келишти.

Тасмага жаш жана таланттуу артисттер тартылышты. Бекжан Эрменкулов Аскардын ролун аткарды. Ошондой эле тасмага Адеми жана Султан да катышты. Айрым актерлор үчүн бул иш дебюттук болду. Жалпысынан бизде эң сонун команда топтолду.

«Оюндагысын бүт айтат»: актер Алтай Жанузаков өз каарманы тууралуу

— Мен башкы каармандын инисин — дайыма агасынын жанында жүргөн айылдык жигиттин ролун ойнодум. Менин каарманым — ачык, боорукер жана жөнөкөй бала. Ал оюндагысын түз айтат, ичине эч нерсе сактабайт жана дайыма чынчыл бойдон калат.

Мага башка актерлор менен биргеликтеги сценалар жана командада иштөө жакты.

Тасма айыл, анын өзгөчө атмосферасы жана сүйүү тууралуу баяндайт. Тасмада шаардык кыз менен айылдык жигиттин сүйүү баяны көрсөтүлгөн. Эгер сиз айылды сагынсаңыз же сүйүү тууралуу кооз окуяны көргүңүз келсе, биздин тасмага келиңиз!

Бекжан Эрменкулов: «Көрүүчүлөр бала чагын эстей алышат»

Башкы каармандардын бирин ойногон Бекжан Эрменкулов айылдык жигиттин мүнөзүн болушунча ишенимдүү берүүгө аракет кылганын айтты.

— Менин каарманым — айылда чоңойгон жигит. Мен анын образын болушунча ачып, айылдык балдар кандай болорун көрсөтүүгө аракет кылдым.

Менимче, көрүүчүлөр бала чагын жана айылда өткөргөн учурларын эстөө үчүн бул тасманы көрүшү керек. Көпчүлүгүндө ушуга окшогон кызыктуу окуялар жана шаңдуу көз ирмемдер болгондур, аларды тасманы көрүп жатып эстей алышат.

— Тартуу учурунда эсиңизде эмнелер көбүрөөк калды?

— Тартуу учурунда кызыктуу жана күлкүлүү учурлар аз болгон жок. Айрыкча башкы каармандын ролун ойногон Адеми экөөбүздүн сценабыз эсимде калды. Бизде чакан диалог бар, ал жыйынтыгында абдан ийгиликтүү чыкты. Бул сцена тасманын финалына жакын жерде.

«Тентек кыз» тасмабызды көргөнү келиңиздер. Фильм эң сонун чыкты деп ишенем. Өзүм азырынча толук көрө элекмин, бирок көрүүчүлөргө жагат деп үмүттөнөм.

Адеми Бейшенбекова: «Кезинде мен да кыргыз тилин билчү эмесмин»

Актриса Адеми Бейшенбекова кыргыз тилин дээрлик билбеген жана айыл жашоосунун айрым өзгөчөлүктөрү менен тааныш эмес шаардык кыздын ролун ойноду.

— Адеми, каарманыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Анын образы сизге канчалык жакын? Ролго кирүүгө туура келдиби?

— Мен кыргыз тилин такыр билбеген, эң жөнөкөй сөздөрдү да айта албаган кызды ойнойм. Мисалы, тасмада ал «кымыз» деген сөздү туура эмес айтат жана айрым жөнөкөй нерселерди билбейт.

Жалпысынан бул ролду ойноо мага кыйын болгон жок. Кезинде өзүм да чындыгында кыргыз тилин начар билчүмүн, бирок бара-бара үйрөнө баштадым.

Сценарий сегиз күндө кайра жазылып, тасма 12 күндө тартылган

Тасманын башкы режиссеру жана сценаристи Сооронбек Тургунматов комедиянын негизине белгилүү драматург Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» чыгармасы алынганын айтты.

— Дал ушундай комедия тартуу идеясы кантип жаралды?

— Тасманын идеясы белгилүү драматург Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» чыгармасына негизделген. Биз сюжетти бир аз ылайыкташтырып, заманбапташтырдык.

Баштапкы сценарийге болжол менен бир ай убакыт кетти, бирок ал бизди толук канааттандырган жок. Ошондуктан сегиз күндүн ичинде жаңысын жаздык, ал эми тасманын өзүн 12 күндө тарттык. Жалпысынан тасманын үстүндөгү иш үч айга жакын убакытты алды.

— Актерлор менен иштөө кандай болду? Кимдин оюну өзгөчө таасир калтырды?

— Актерлор өз ролдорун эң сонун аткарышты. Айрыкча кичинекей кыздын ролун аткарган актрисанын оюну абдан жакты. Мен аны кийинки тасмама да чакырууну чечтим. Ошондой эле Адеми менен Бекжанды белгилеп кетким келет — алар тартуу учурунда мага чоң жардам беришти.

— Кыргыз комедиялары чоң популярдуулукка ээ. Сиздин оюңузча, алардын ийгилигинин сыры эмнеде?

— Менимче, кыргызстандыктар юморго өзгөчө жакын келишет. Балким, күнүмдүк жашоодо ансыз деле драмалуу окуялар жетиштүү болгондуктан, адамдар көбүрөөк күлүп, жагымдуу эмоцияларды алгысы келеттир.

Мына ошондуктан драмаларга караганда комедиялар көрүүчүлөр арасында көбүрөөк популярдуу.

Биздин тасмада улуттук колорит абдан көп: кыргыз тили, айылдык атмосфера жана айыл турмушу. Албетте, биринчи орунда — сүйүү. Биз көрүүчүлөргө чыныгы сүйүү байлыкка же коомдук абалга көз каранды эмес деген ойду жеткиргибиз келет.

Яна Крайнюкова

Анара Мамытова

Scroll to Top