Баатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керекКара-Суу базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Милиция териштирүү баштадыБишкекте Политехникалык колледж көчүрүлбөйт — Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин жообуКасымалиев өнүктүрүү фонддору каржылаган долбоорлор тууралуу айтып берди
Баатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөт
18.11.2026 | 17:26

Жогорку Кеңеш 18-ноябрда баатыр энелердин пенсиясына ай сайын төлөнүүчү үстөк акыны 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды. Депутаттар документти талкуусуз кабыл алышты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Камила Талиеванын айтымында, азыр Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган 30 609 эне жашайт.
Талиева бул маселе боюнча президент жарлык чыгарганын, ал эми 2027-жылдын бюджетинде үстөк акыны көбөйтүүгө болжол менен 1,5 млрд сом каралганын билдирди.
Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору көп балалуу энелерди мамлекеттик колдоону күчөтүү үчүн даярдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом