Бишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздү

22.11.2026 | 14:30
Бишкекте айдоо укугунан ажыратылган BMW айдоочусу кубалашып, МККБнын унаасын сүздү — Новости Кыргызстана

Бишкекте буга чейин транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылганына карабастан, мас абалында рулга отурган BMW унаасынын айдоочусу кармалды.

МККБдан билдиришкендей, окуя 22-ноябрда саат 00:30 чамасында Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган. Кубалашуу учурунда BMW милициянын кызматтык унаасы менен кагылышкан. Тартип бузуучуну Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинен токтотууга мүмкүн болгон.

Ага карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлдү.

Унаа айып короосуна коюлуп, ал эми айдоочу райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, андан соң убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди.

Scroll to Top