Бакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керек

15.10.2025 | 15:11

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Римде өткөн Rome Water Dialogue 2025 форумунун алкагында «Суу ресурстарын башкаруунун эффективдүү чечимдери» аттуу сессияда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө суу социалдык-экономикалык өнүгүүнү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту, ошондой эле экосистемаларды жана калктын ден соолугун камсыздоочу стратегиялык жана баа жеткис жаратылыш ресурсу экенин белгилеген.

Министр Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сактоо тууралуу да сүйлөгөн. Анын айтымында, бул мөңгүлөр аймактагы ири дарыяларды азыктандырып, коңшу мамлекеттер — Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстанды суу менен камсыз кылат. Ошондой эле ал Ысык-Көлдүн деңгээлинин төмөндөп жатышы боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Мындан тышкары Төрөбаев Борбордук Азияда 10 миллионго жакын адам таза ичүүчү сууга жеткиликтүү эмес экенин айткан. Аймактагы суу инфраструктурасынын 80% эскирген, ал эми суу жоготуулары 55% түзөт. Министрдин айтымында, Кыргызстанга 960 айылдагы ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керек.

“Эгерде бүгүн зарыл болгон каражаттар салынбаса, эртең жоготулган потенциалды калыбына келтирүү үч эселеп кымбатка турат. Сууга мунай жана газ сыяктуу эле көңүл бурууга убакыт келди”, – деген ал.

Scroll to Top