Талиева Ош шаарынын мэрин саясий интригаларга жана депутаттарга кысым көрсөтүүгө айыптады

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Ош шаарынын мэри Жанар Акаевди депутаттарга каршы маалыматтык чабуулдарды уюштурууга жана парламенттин таасирин алсыратууга аракет кылып жатат деп айыптады. Бул тууралуу ал 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, пикир келишпестик 13-октябрда парламенттин бюджет боюнча комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынынан кийин жаралган.
Талиева сапардан кийин социалдык тармактарда депутаттарды «Шакиевдин депутаттары» деп атаган билдирүүлөр тарай баштаганын айтты.
«Мен Жанар Акаевди куттуктап коюш үчүн баргам. Андан кийин блогерлер Ошко Шакиевдин 25 депутаты барды деп жаза башташты. Жанар Акаев төрөлө электе мен Ош шаарында окуп жүргөм. Ош менин да шаарым. Аны Ош шаарынын ханы кылып шайлашты беле?» — деп нааразы болду депутат.
Ошондой эле ал мэрдин депутаттар кадрдык дайындоолорго кийлигишет деген билдирүүлөрүн сынга алды.
«Кайсы депутат кадр дайындатып жатканын аты-жөнү менен айтсын. Мен бул маселе боюнча ага бир да жолу телефон чалган эмесмин», — деди Талиева.
Мындан тышкары, депутат өзүнө жеткен маалыматтар боюнча Жанар Акаев алдыдагы шайлоого карата жеке штабдарын түзүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди бул маалыматка көңүл бурууга чакырды.
«Мен муну Жогорку Кеңешти алсыратуу саясаты деп эсептейм. Биз сиздин буюртма менен жаздырган материалдарыңыздан коркпойбуз», — деди Талиева мэрге кайрылып.
Жыйынга катышып жаткан Жанар Акаевге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев ошол учурда жооп берүүгө уруксат берген жок. Ал мэр депутаттардын суроолоруна жооп берүү учурунда өз пикирин билдире аларын түшүндүрдү.
Ошол эле учурда Маматалиев бул маселе боюнча Жанар Акаев менен буга чейин сүйлөшкөнүн, анын ичинде жыйындын алдында да жолукканын билдирди.
Спикердин айтымында, мэр айрым сөздөрү орунсуз болгонун моюнга алып, алардын бир бөлүгүн кайра алган жана парламент менен тыгыз кызматташууга убада берген.
Маматалиев бул маселе депутаттык топтордун жетекчилери менен болгон жолугушууда да талкууланганын айтты. Жакынкы жумаларда Жанар Акаев менен бюджет комитетинин мүчөлөрүнүн өзүнчө жолугушуусу пландалууда.
«Биз ортобузга эч кимдин бүлүк салуусуна жол бербейбиз. Ар ким өз сөзү үчүн өзү жооп берет. Менин билишимче, ал зарыл болсо кечирим суроого да даяр», — деди спикер.