Кабмин башчысы Кыргызстандын прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү салымын белгиледи

Кабмин башчысы Адылбек Касымалиев бүгүн, 21-ноябрда, Кыргызстандын прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун текстин кабминдин басма сөз кызматы таратты.
Касымалиев акыркы беш жылда өлкөнүн экономикасында, социалдык чөйрөсүндө жана саясий турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Анын айтымында, каржылык жана өндүрүштүк тартип бекемделип, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлдү, көмүскө экономиканын көлөмү кыскарды.
Мунун баары, кабмин башчысы баса белгилегендей, мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акыларын, пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.
«Бул өзгөрүүлөргө укук коргоо органдары, анын ичинде прокуратура органдары олуттуу салым кошту. Жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүдө жана коомубуздун коопсуздугуна доо кетирген коррупцияга каршы күрөшүүдө прокуратура органдары адилеттүүлүктү ырааттуу коргоп, алдыңкы сапта турат», — деп айтылат куттуктоодо.
Касымалиев ошондой эле прокуратуранын адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган мамлекеттик мүлктү кайтаруу боюнча ишин белгиледи.
«Бул жылдар аралыгында миңдеген жарандардын иштери каралып, алардын күнөөсү бар же жок экендиги кылдат текшерилди, бул элдин бийликке жана мыйзамдарга болгон ишенимин бекемдөөнүн кепили болду. Прокуратуранын көзөмөлү алдында мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ыйгарып алган адамдар миллиарддаган сомдорду кайтарышты», — деп баса белгиледи ал.
Кабмин башчысы прокуратура органдарынын ишин санариптештирүү, мыйзамдуулук принциптерин сактоо жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо зарылдыгына көңүл бурду.
Анын айтымында, республиканын аймактарында прокуратуранын жаңы административдик имараттары жана кызматтык батирлер курулуп, техникалык жактан жабдууга олуттуу каражаттар бөлүнүүдө.
«Мындан тышкары, прокуратура кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыздоону күчөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Эмгек акы жогорулатылды, убактылуу турак жайды ижарага алууга жана ипотекалык насыяларды төлөөгө компенсациялар төлөнүп, жеңилдетилген ипотекалык насыялоо шарттарында батирлер берилүүдө», — деп билдирди Касымалиев.
Соңунда кабмин башчысы прокуратура кызматкерлери мындан ары да мекеменин кадыр-баркын бекемдеп, коомдун ишенимин актай тургандыгына ишеним билдирип, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди каалады.