Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды
Баткенден Ошко баратып 61,8 миң сомун жоготуп алган аялга акчасы кайтарылды
30.04.2024 | 12:12
Баткенде милиция кызматкерлери 61,8 миң сом салынган сумкасын жоготуп алган аялга акчасын кайтарып берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-апрелде эртең мененки саат 06:00до Лейлек районунун милиция кызматкерине жолдун четинде сумка жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат түшөрү менен майор Зулпидин Аширов айтылган дарекке барган. Ал жолдун жээгинде жаткан сумканы алып караганда, ичинде 61,8 миң сом болгон. Милиция кызматкери сураштырып отуруп сумканын ээси ким экенин тапкан. Ал Раззаков шаарынын тургуну болуп чыккан. Аял киши Ош шаарына жөнөп жатып, акча салынган сумкасын жолдо жоготуп алган.
Сумканын ээси акчасын кайтарып берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом