Кыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташат

Бүгүн, 4-ноябрда, Бишкекте Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Франциянын AP-HP бирикмесинин (Париждин университеттик ооруканалары) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Документке Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда өткөн «Электродсуз кардиостимуляция технологиялары» аттуу конференция жана мастер-класстын жүрүшүндө кол коюлган.
Меморандумга ылайык, тараптар кардиология жана онкология тармактарында оорулардын алдын алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча кызматташат. Ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, конференцияларды уюштурушат. Мындан тышкары, эки өлкөнүн клиникалык базаларында стажировкалар аркылуу дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу каралган.
Министрлик аталган макулдашуу эки мамлекеттин медициналык мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну жана өнөктөштүктү камсыз кылууга багытталганын кошумчалады.