Күнөөкөрдү алмаштырууга $4 миң сунушташкан — Надырбек Жусупов

Таасирдүү чиновниктердин чалуулары, мас айдоочулар, пара берүү аракеттери жана социалдык тармактардагы күтүүсүз популярдуулук. Милиция күнүнүн алдында Бишкек шаардык МККБнын (УПСМ) басма сөз кызматынын инспектору Надырбек Жусупов коомчулуктун көңүлүн бурган кармоолордун кадр артында эмне каларын, эмне үчүн өзүн таанып калган өткөөл адамдардан жашынууга туура келерин жана бир жолу адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгынын күнөөкөрүн алмаштыруу үчүн ага кантип 4 миң доллар сунушташканын Reporter.kg сайтына айтып берди.
— Сиз бир топ өзгөчө инсансыз. Сиз жөнүндө комментарийлерде жана ар кандай пабликтерде көп жазышат, жадакалса «Надыр, мени тап» сыяктуу мемдердин каарманына айландыңыз. Эмне үчүн ички иштер органдарында иштөөнү тандадыңыз? Сизди милицияга эмне алып келди?
— Мен Бишкек шаардык МККБнын басма сөз кызматынын инспектору, милициянын лейтенантымын. Ички иштер органдарында төрт жылдан бери иштейм, анын ичинен акыркы бир жарым жылы — түздөн-түз МККБнын басма сөз кызматында.
Негизи бала кезимден эле милицияда иштегим келчү, бирок ата-энем каршы болушкан. Алар форма кийип, мамлекеттик кызматка барышымды каалашкан эмес. Бирок мен баары бир ушул жолду тандап, көксөгөн жериме келдим. Убакыттын өтүшү менен ата-энем чечимимди кабыл алып, азыр мени бардык жагынан колдоп турушат.
Ал кезде кайсы бөлүктө кызмат өтөгүм келерин так биле элек болчумун. Башында тергөөчү болом деп ойлоп, кийин башка багыттарды караштырып көрдүм, бирок акыры МАИге (ГАИ) туш болдум. Эмнеге? Анткени бул жерден абдан жакшы тажрыйба топтоого болот.
Күн сайын ар кандай адамдарга кезигебиз, алар менен тил табыша билүү, баарлашуу керек. Балким, келечекте, Жараткан буюрса, башка кызматка өтөрмүн. Бирок азырынча ушул жердемин.
— Балким, бала кезиңизде сиз үлгү туткан бир адам болгондур? Же жөн эле милиция формасы жактыбы? Же согуштук жана криминалдык тасмаларды көп көрүп, тартип орноткон адам болгуңуз келдиби?
— Мен Кыргызстанда интернет жана YouTube жок кезде чоңойгом. Тасмаларды DVD дисктерден көрчүбүз. 90-жылдардын балдары мени түшүнөт.
Менде телеберүүлөрдүн программасы чыккан гезит боло турган. Биз «Наруто» көргөн жокпуз, бирок орусиялык «Угон», «Мухтар», «Возвращение Мухтара», «Прокурорская проверка» сыяктуу детективдерди чыдамсыздык менен күтчүбүз.
Баары ошол жактан башталса керек. Менимче, кесип тандоого так ушул нерселер таасир эткен.
— Сиздин оюңузча, кыргызстандыктарда айдоо маданияты барбы? Же айдоочуларды эрежени сактоого жогорку айып пулдар менен «Коопсуз шаардын» камералары гана мажбурлап жатабы?
— Жазанын күчөтүлүшү баары бир өз таасирин берип жатат деп ойлойм. Үч-беш жыл мурункуга салыштырмалуу белгилүү бир жыйынтыктар бар. Айдоочулар тартипке көбүрөөк баш ийип калышты. Убакыттын өтүшү менен айдоо маданияты жогорулайт деп ишенем.
Мисалы, беш жыл мурун эле, өзгөчө кечкисин жана дем алыш күндөрү дээрлик ар бир экинчи унааны токтотууга мүмкүн эле. Азыр кырдаал өзгөрдү. Адамдар рулга мас абалда отурбоо маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылып калышты, көбүнчө такси тандашат.
Эсимде, беш-алты жыл мурун Чыңгыз Айтматов проспектисинде айдоочулар каалаган жерине токтоп алышчу. Ал кезде милицияда иштей элек болчумун, бирок муну жакшы билем. Азыр мындай учурлар азайды.
Албетте, эреже бузгандар мурдагыдай эле бар, бирок айдоочулардын көпчүлүгү Жол эрежелерин сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылышат.
— Бүгүнкү күндө мас абалында автоунаа айдагандарга кандай жоопкерчилик каралган?
— Учурда транспорт каражатын биринчи жолу мас абалында башкаргандыгы үчүн 80 миң сом айып пул салынат жана эки жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.
— Ал эми адам кайрадан рулга мас абалында отурсачы?
— Анда кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыгат. Эреже бузган адамга бир жылга чейин эркинен ажыратуу же 150 миң сомго чейин айып пул салуу коркунучу бар.
— Эреже бузгандар менен сүйлөшүүдө сабырдуулукту кантип сактай аласыз? Анткени ар кандай адамдар бар, өзгөчө айдоочу мас болсо. Ар бир адамдын чыдамынын чеги бар да.
— Сиздер видеодон көргөн нерсе — бул биздин ишибиздин бир-эки эле мүнөтү. Бирок көшөгө артында калган башка дагы жагы бар. Кээде физикалык күч колдонууга туура келет. Бир мас айдоочуга эки-үч саат, ал эми өзүн одоно алып жүрсө, андан да көп убакыт кетип калышы мүмкүн.
Мисалы, бир жолу түнкү саат бирлерде мас айдоочуну кармаганбыз. Ал биз менен талашып-тартышып, тилдеп, күч колдонууга аракет кылды. Акыры аны тергөөчүлөргө өткөрүп бергенге чейин таңкы саат бешке чейин убара болдук.
Туура айтасыз, адамдын чыдамы түгөнгүс эмес. Бирок мени кийип турган формам токтотот. Формачан адам өзүн сабырдуу, жоопкерчиликтүү алып жүрүшү жана сезимдерин тыя билиши керек.
Ооба, кээде мен дагы оройлукка оройлук менен жооп берип же жадакалса кол көтөргүм келип кетет. Бирок милиция кызматкери өзүн кармай билиши, үлгү болушу жана эреже бузуучунун деңгээлине түшпөшү керек.
— Кармалган айдоочулар таасирдүү тааныштары, туугандары же жогорку кызматтагы чиновниктер аркылуу маселени чечүүгө аракет кылган учурлар болду беле? Сизге чалышты беле?
— Абдан көп. Бир жолу мага өзүн министр же министрдин орун басарымын деп тааныштырган адам да чалган. Аты-жөнүн айтпай эле коёюн. Бирок биз баары бир мыйзам чегинде иш алып бардык.
Учурдан пайдаланып, айдоочуларга кайрылгым келет: тааныштарга, туугандарга, куда-сөөккө же башкаларга чалуунун кереги жок. Мыйзам алдында өз жоругу үчүн жооп берген жакшы.
Азыр ушундай жол менен жоопкерчиликтен качууга аракет кылган айдоочулар кыйла азайды. Мурда бул өтчү, эми өтпөйт.
— Сиздин атактуулугуңуз эл арасында Царикаев деген ат менен таанылган Мирлан Таалайбеков менен бирге иштегениңизге байланыштуу. Азыр ал муниципалдык инспекцияны жетектейт. Шеригиңизди сагынган жоксузбу?
— Сагындым.
— Сиздерди жадакалса «Чип менен Дейл жардамга шашат» деп да атап алышкан. Мындай мемдер жана тамашалар көңүлүңүзгө тийбейби?
— Жок, биз буга маани бербейбиз.
— Мирлан Таалайбеков менен чогуу кызмат өтөгөн алгачкы күнүңүз эсиңиздеби?
— Ооба, жакшы эсимде. Кыш мезгили болчу. Алма-Ата көчөсүндө унааларга жолдун бир тилкесинен өтүүгө жардам берип жатканбыз.
Аябай суук эле. Үйгө таңкы саат сегиздерде гана бардык. Биз бири-бирибизге жакын жашайбыз. Эсимде, өтүгүмдү карасам, жолго себилген туздан улам баары агарып калыптыр. Аныкы да дал ошондой болчу.
Айтмакчы, ал нөөмөттөн кийин экөөбүз тең ооруп калганбыз.
Негизи Мирлан Таалайбеков башында Юридикалык академияда менин окутуучум болчу. Мамлекет жана укук теориясынан сабак берчү. Кийин МККБга иштегени өттү, бир аздан кийин ал жакка мен да бардым. Ошентип экөөбүз чогуу иштеп калдык.
— Чогуу канча убакыт иштедиңиздер?
— Бир жарым жыл. Чынын айтсам, атактуулук бизге кайсы учурда келгени да эсимде жок.
Билесизби, мен бала кезимден эле ачыкка чыгууну, эл көзүндө болууну жактырбайм. Медиалуулук — меники эмес. Бирок баары өзүнөн-өзү ушундай болуп калды. «Эч качан "эч качан" дебе» деп бекеринен айтылбайт да.
Азыр жумуштан кийин үй-бүлөм менен паркта жөн эле сейилдегим келгенде да кээде беткап, кепка же капюшон кийүүгө туура келет.
Көпчүлүк адамдар таанып калып, келип, Жол эрежелери, айып пулдар жана жазалар жөнүндө суроолорду беришет. Албетте, мен баарына жооп берүүгө аракет кылам, бирок кээде жөн гана үй-бүлөң менен болгуң келет. Ошондуктан кээде жашынууга туура келет.
— Кызмат учурунда сизге сунушталган эң чоң пара канча болгон?
— Бул 2025-жылдын 31-августунда болгон. Мас айдоочу дароо төрт жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.
Ошондо мага социалдык тармактар абдан жардам берди. Бир таанышым Instagram аркылуу шектүүнүн артынан кууп баратканын жазып, анын турган жерин билдирди. Мен ошол жерге барып, аны менен чогуу айдоочуну кармадык.
Аны кайра кырсык болгон жерге жеткирүү керек болгондуктан, кармалган адамды өзүмдүн унаама отургуздум.
Андан паспортун сурадым. Ал документ шымынын арткы чөнтөгүндө экенин айтты. Айдоочунун колунда кишен бар болгондуктан, паспортун өзүм алып коюшумду сунуштады. Мен документти алып чыгууга аракет кылганда, чөнтөгүндө акча да бар экенин көрдүм. Ошондо кармалган адам:
«Бул жерде төрт миң доллар бар. Муну ал. Азыр менин артымдан иним келет, сүзүп кеткен ошол айдоочу болуп берет», — деди.
Башкача айтканда, ал кырсыктын күнөөкөрүн башка адамга алмаштырууну сунуштады.
Мен баш тарттым. Бир аздан кийин чындап эле анын тууганы — иниси же жакын адамы, так эсимде жок, келип калды. Ал дагы акчаны алып, рулда өзү отургандай кылып тариздөөнү сунуштады.
Мен дагы баш тарттым. Ал жол кырсыгында жабыркаган аялдардын бири ошол жерден көз жумган.
— Акыры ал айдоочу соттолдубу? Ал канча жашта эле?
— Так жашы эсимде жок. 1986 же 1988-жылкы болсо керек. Ооба, ал 12 жылга эркинен ажыратылды.
Бишкек шаардык МККБнын басма сөз кызматынын инспектору, милициянын лейтенанты Надырбек Жусупов менен толук маекти жакынкы арада Reporter.kg сайтынын YouTube каналынан көрө аласыздар.
Эльвира Сатыбекова
Анара Мамытова