Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте 31-октябрдан тарта Миңжылкыев көчөсүнүн Тыналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгүндө автотранспорт кыймылы ачылды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Узундугу 1,4 чакырымды түзгөн тилкеде жол катмарын төшөө жана тротуарларды куруу иштери толук аяктады. Жол боюна 84 түп үйөңкү көчөтү отургузулуп, автоматташтырылган сугаруу системасы орнотулду.

Жол кыймылы ачылардын алдында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев оңдолгон көчөнү текшерип, бак отургузууга катышты.
«Бизде президенттин бак-дарактарды сугат системасы бар жерлерге гана тигүү боюнча тапшырмасы бар. Бишкекте мындан ары автоматташтырылган сугаруу системасы жок же сугаруу мүмкүнчүлүгү такыр каралбаган жерлерге бак тигилбейт», — деди калаа башчысы.
Текшерүү учурунда Жунушалиев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алдындагы бардык милдеттенмелерди толук аткаруу керектигин да баса белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мэр отургузулган бактарга тийиштүү кам көрүүнү камсыз кылууну, жол боюндагы тосмолорду орнотууну бүтүрүүнү, ошондой эле эки жер алдындагы жөө адамдар өтмөгүнүн курулушун жана көрктөндүрүлүшүн тездетип, колдонууга берүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, транспорттун ылдамдыгын азайтуу жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында көчөгө жасалма жол тоскоолдуктарын орнотуу тапшырмасы берилди.
