Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
Бишкек-Балыкчы поездинин VIP вагону менен алгачкылардан болуп ырчылар жүрүштү
14.06.2024 | 10:29
Бүгүн туристтик сезондун башталышына карата Бишкек-Балыкчы каттамы кайра жүрүп баштады. Андагы жаңылаган дагы бир VIP вагонду алгачкылардан болуп ырчы, актерлор сындан өткөрүштү.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалыматында, ырчы Омар Жанышов кызы менен, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Максат Садырбеков, актриса Альбина Имашева поезд менен көлгө жетишти.

Бишкектен Балыкчы шаарына поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт, ал эми 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттай баштайт.
Билеттерди онлайн сатып алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом