Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 693,8 млрд сомго жеттиКМТУ менен КУУ Сүлүктүдө инженерлерди жана архитекторлорду биргелешип даярдайтКыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 38,55 пайызына чейин төмөндөдү — КасымалиевКыргызстанда 2026-жылы эмгек акы төлөөгө 203,5 млрд сом жумшалатӨкмөт башчы жарым жылда 88,3 миң жумуш орду түзүлгөнүн билдирдиКасымалиев: Жыл жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 2,35 трлн сомго жетет
Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 38,55 пайызына чейин төмөндөдү — Касымалиев
18.11.2026 | 12:22

2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүң продукциянын (ИДП) 38,55 пайызын түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы 63,6 пайызга жеткен. Ал эми 2025-жылга карата бул көрсөткүч 39,5 пайызга чейин төмөндөгөн.
Касымалиев өкмөт мамлекеттик карыздын деңгээлин 2030-жылга чейин азыркы чекте кармап турууну көздөп жатканын белгиледи.
Ал мамлекеттик финансынын туруктуулугун сактоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу негизги милдеттер бойдон каларын баса белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика