Умра зыяратын уюштурган туркомпаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте «Умра» зыяратын уюштуруудагы алдамчылыкка шектелип, «Нур Умра Трэвел» туристик компаниясынын 43 жаштагы жетекчиси М.К. кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Буга чейин соцтармактарда «Умра» зыяратына бара жаткан 100дөн ашуун кыргызстандык жараны Өзбекстандын Ташкент шаарындагы аэропорттон уча албай калганы тууралуу маалыматтар тараган. Ошондой эле жарандар ишкана жетекчиси сапарды улантуу үчүн ар бир адамдан кошумча 100 доллар талап кылганы айтылган.
Текшерүүдө жарандар сапарга баруу үчүн жолдомолорду «Нур Умра Трэвел» ишканасынан алышканы белгилүү болгон. Алдын ала маалымат боюнча, компания зыяратчыларды «Умра» тиркемесине каттоодон өткөрбөстөн жолго чыгарган. Ошондой эле буга чейин аталган фирмага карата Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан мыйзам бузуулар боюнча эки акт түзүлгөнү аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, ишеним каттар, жарандардын документтери, акча которуулар боюнча квитанциялар жана башка материалдар алынган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.