Бишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштү

01.11.2026 | 14:21
Бишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштү — Новости Кыргызстана

Бишкекте Фрунзе көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан 15 кабаттуу турак үйдүн терезесинен 18 жаштагы кыз кулап түштү. Бул маалыматты Reporter.kg басылмасына борбор калаанын Шашылыш медициналык жардам борборунан тастыкташты.

«Бизге чакыруу бүгүн саат 10:34тө түшкөн. Жабыркаган кыздын абалы өтө оор. Анын денесинде көптөгөн сыныктар, анын ичинде баш сөөгүнүн негизинин сынышы жана баш мээсинин жанчылышы бар. Ал канча бийиктиктен кулаганы азырынча белгисиз. Кыз №4 шаардык клиникалык ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти дарыгерлер.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Анара Мамытова

Теги: Бишкек, ЧП
Scroll to Top