Кыргызстандын президентин шайлоодо чет жактагы 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат

21.11.2026 | 10:15
Кыргызстандын президентин шайлоодо чет жактагы 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президентин алдыдагы шайлоодо добуш берүү үчүн чет жактагы 33 өлкөдө 74 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Эң көп тилке Россияда ачылат — 20.

Башка өлкөлөрдө тилкелердин саны төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Түркия жана Казакстан — 6дан;
  • АКШ — 5;
  • Түштүк Корея жана Италия — 3төн;
  • Өзбекстан, Германия, Кытай жана БАЭ — 2ден.
Дагы 23 өлкөдө бирден шайлоо тилкеси ачылат: Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуста, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Индияда, Японияда, Монголияда, Пакистанда жана Малайзияда.

Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, шайлоого катышууга 11 адам талаптанууда. Талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 13-ноябрда аяктаган. Учурда талаптануучуларды колдоо иретинде шайлоочулардын кол тамгаларын топтоо уланууда. Каттоодон өтүү үчүн ар бири кеминде 30 миң кол топтошу керек.

Талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин аяктоого тийиш.

Scroll to Top