Ош шаарына эки заманбап асма жол куруу пландалууда

16.11.2026 | 10:55
В городе Ош планируют построить две современные канатные дороги — Новости Кыргызстана

Ош шаарынын туристтик дараметин өнүктүрүү максатында эки заманбап асма жол куруу долбоору каралууда. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, долбоордо асма жолдордун бирин Керме-Тоо тоосуна салуу пландалууда. Бул туристтерге асма жол менен тоого чыгып, шаарды көрүүсүнө шарт түзөт.

Ал эми экинчисин шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы студенттик шаарчадан Ак-Буура дарыясын бойлой Алишер Навои жана Токтогул атындагы сейил бактар тарапка чейин тартуу каралууда.

Долбоорду талкуулоо үчүн Ошко австриялык «Doppelmayr» компаниясынын өкүлдөрү келишкен. Бул ишкана буга чейин Бишкектин «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы асма жолду курган. Ошондой эле шаарга франциялык «MND» жана кытайлык курулуш компанияларынын адистери чакырылган.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын адистери жана аталган компаниялардын өкүлдөрү менен көчмө жыйын өткөрүп, анда долбоор талкууланып, асма жолду курууга сунушталган аймактар каралган.

Шаар мэри учурда алдын ала сүйлөшүүлөр жана каржылоо булактарын аныктоо иштери гана жүрүп жатканын айтып, курулуш иштерин жаз мезгилине чейин баштоо пландалып жатканын билдирди.

Scroll to Top