КРде жалгыз бой ата-энелердин иш күнүн 1 саатка кыскартуу сунушталды

19.11.2026 | 14:13
КРде жалгыз бой ата-энелердин иш күнүн 1 саатка кыскартуу сунушталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдарын өз алдынча тарбиялап жаткан иштеген ата-энелерге ар бир жумуш күнүндө акы төлөнүүчү бир саат берүү сунушталууда. Эмгек кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү КР ЖК депутаты Дастан Бекешев иштеп чыкты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, балдарын экинчи ата-эненин күнүмдүк жардамысыз тарбиялап жаткан ата-энелер аларды мектепке же бала бакчага өз алдынча алып барып, кайра үйгө алып кетүүгө аргасыз болушат. Мында сабактардын жадыбалы жана бала бакчалардын иш тартиби ата-энелердин жумуш графигине дайыма эле туура келе бербейт.

Бул көйгөй айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында курч сезилет, анткени тыгындардан улам жолго көбүрөөк убакыт кетет. Натыйжада ата-энелер жумушка кечигип калуу же баласын өз убагында алып кете албай калуу коркунучуна кабылышат.

Мыйзам долбоорунун автору азыр мындай маселелерди чечүү көп жагынан иш берүүчүнүн макулдугунан көз каранды экенин белгилейт. Ата-энелер дайыма суранып турууга аргасыз, бул болсо чыр-чатактарга, эмгек акысынын бир бөлүгүн жоготууга же ал тургай жумуштан баш тартууга алып келиши мүмкүн.

Ошол эле учурда колдонуудагы Эмгек кодекси 14 жашка чейинки балдардын ата-энелерине толук эмес жумуш күнүнө же жумасына өтүүгө ансыз деле уруксат берет. Бирок мындай учурда айлык акы иштелген убакытка пропорционалдуу же иш көлөмүнө жараша эсептелет.

Депутат 14 жашка чыга элек балдарды өз алдынча тарбиялап жаткан ата-энелерге, бала асырап алуучуларга, камкорчуларга жана көзөмөлчүлөргө ар бир жумуш күнү же нөөмөт сайын акы төлөнүүчү бир саат берүүнү сунуштоодо.

Кызматкер бул убакытты кандай пайдаланууну өз алдынча тандай алат: жумушка бир саат кечирээк келүү же бир саат эртерээк кетүү. Иш берүүчү менен жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча башка тартипке да жол берилет.

Мында:

  • берилген саат үчүн эмгек акы сакталат;
  • кызматкер берилген саатты кайра иштеп берүүгө милдеттүү эмес;
  • иш берүүчү бул жеңилдикти пайдаланганы үчүн гана сый акыларды азайта албайт;
  • пайдаланылбаган сааттарды топтоого, башка күндөргө жылдырууга же акчалай компенсация менен алмаштырууга болбойт;
  • укук балдардын санына жана жумуш убактысынын режимине карабастан берилет.

Аткарылган ишке жараша акы төлөөдө мыйзам долбоорунда каралган кепилдиктерди эске алуу менен бошотулган саат үчүн орточо сааттык эмгек акыны сактоо сунушталууда.

Документте акы төлөнүүчү саатка болгон укук үй-бүлөлүк абалынан гана эмес, баланы күнүмдүк тарбиялоо менен иш жүзүндө ким алектенип жатканынан да көз каранды болору такталган.

Мисалы, ата-эненин ажырашуусу же бөлөк жашоосу өзү эле алардын бири баланы өз алдынча тарбиялап жатканын билдирбейт. Ошол эле учурда алимент алуу, туугандардын жардамы же жаңы никеге туруу, эгерде балага күнүмдүк кам көрүү мурдагыдай эле кызматкердин мойнунда болсо, аны жеңилдик алуу укугунан ажыратпайт.

Жеңилдикти алуу үчүн кызматкер иш берүүчүгө жазуу жүзүндө арыз жазып, баланын туулгандыгы тууралуу документинин көчүрмөсүн тиркеши керек болот. Камкорчуларга жана көзөмөлчүлөргө алардын дайындалгандыгы тууралуу документ да талап кылынат.

Өз алдынча тарбиялап жатканын арызда көрсөтүп, колдо болгон документтер менен ырастоо зарыл. Бирок кошумча ырастоочу документтердин жоктугу өзү эле баш тартууга негиз боло албайт. Экинчи ата-эненин макулдугу талап кылынбайт.

Акы төлөнүүчү саатка болгон укукту арыз берилген күндөн тартып беш жумуш күнү өткөндөн кийин берүү сунушталууда. Иш берүүчү менен макулдашуу боюнча аны эртерээк да пайдаланууга болот.

Эгерде кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда мындай укуктун бар экендиги же токтотулушу тууралуу талаш жаралса, маселе сотто каралышы мүмкүн. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин, эгерде сот башкача тартипти аныктабаса, акы төлөнүүчү саатты берүү улантылышы керек.

Жеңилдикке болгон укук бала 14 жашка толгондо же кызматкер аны өз алдынча тарбиялоону токтоткондо токтотулат.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, бошотулган саат үчүн акы төлөө чыгымдары иш берүүчүгө жүктөлөт. Жеке сектордо алар компаниялардын каражаттарынын эсебинен, ал эми бюджеттик уюмдарда эмгек акы төлөөгө каралган тиешелүү бюджеттерден жабылат.

Демилгенин автору жаңы кепилдик ата-энелерге жумушту бала тарбиялоо менен айкалыштырууга мүмкүндүк берип, кечигүүлөрдүн жана пландан тышкары жумуштан кетип калуулардын санын азайтат, ошондой эле кирешесин жоготпостон жумуш ордун сактап калууга жардам берет деп эсептейт.

Анара Мамытова

Scroll to Top