Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулатБишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алдыКыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылуудаКыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады — тизмеПутиндин Кремлде Уиткофф жана Кушнер менен сүйлөшүүлөрү — негизгилери
Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулат
13.11.2026 | 11:05
Чүй токой аңчылык чарбасында кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында заманбап көчөткана курулат. Бул тууралуу Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор өлкөнүн көчөтканалар системасын өнүктүрүүгө, көчөттөрдү өстүрүүгө, жаңы технологияларды колдонууга жана токой экосистемаларын калыбына келтирүүгө багытталган.
Көчөткананын пайдубалын түптөө аземине Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Анын алкагында курулушка капсула салынып, бак-дарактар отургузулган.
Ошондой эле тараптар токой чарба тармагында тажрыйба алмашуу, жаңы технологияларды киргизүү жана токойлорду калыбына келтирүү маселелерин талкуулашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом

