Кыргызстанда бизнести санитардык текшерүүнү 2028-жылдан тарта видеого тартуу сунушталууда

15.11.2026 | 12:00
Кыргызстанда бизнести санитардык текшерүүнү 2028-жылдан тарта видеого тартуу сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда бизнести санитардык-эпидемиологиялык текшерүүнүн эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Инспекторлорду текшерүү учурунда үзгүлтүксүз аудио жана видеожазуу жүргүзүүгө милдеттендирип, ал эми ишканалардын ишин адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген конкреттүү мыйзам бузуулар болгондо гана убактылуу токтотууга уруксат берүү каралууда.

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу иштеп чыкты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, колдонуудагы мыйзамдар санитардык инспекторлорго ишканалардын ишин токтотууга жана продукциясын алып коюуга жол берет, бирок объектти кайсы мыйзам бузуулар үчүн жабууга болору тууралуу так тизме жок.

Мындан тышкары, учурда инспекторлор ишкерге мыйзам бузуунун далилдерин колго тапшырууга милдеттүү эмес, ошондой эле кемчиликтер жоюлгандан кийин ишти кайра жандандыруу мөөнөттөрү да белгиленген эмес. Натыйжада ишкана керектүү мөөнөттөн ашык жабык туруп калышы мүмкүн.

«Дагы бир көйгөй — текшерүүнүн жүрүшүн милдеттүү түрдө каттоонун жоктугу. Талаш жаралган учурда ишкерге да, инспекторго да өзүнүн акыйкаттыгын далилдөө кыйынга турат», — деп эсептейт демилгечи.

Демилгечи 2028-жылдын 1-январынан тарта ишкерлердин объекттеринде санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөрдү милдеттүү түрдө үзгүлтүксүз аудио жана видеого тартууну киргизүүнү сунуштайт.

Жаздыруу үчүн уюлдук телефондорду да колдонууга болот. Ишкерге же анын өкүлүнө тасмага тартуу башталганы тууралуу алдын ала кабарланышы керек.

Жазуулар кеминде бир жыл, ал эми соттук талаш-тартыштар жаралган учурда — ал биротоло чечилгенге чейин сакталат. Ишкер арыз бергенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде жазуунун көчүрмөсүн акысыз ала алат.

Жазууларды ачык жарыялоого тыюу салынат. Аларды көрүүгө ишкер өзү, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн ыйгарым укуктуу кызматкерлери, прокуратура жана сот гана укуктуу болот. Ошол эле учурда бейтаптарды жана дарыгерлик сырга кирген маалыматтарды видеого тартууга тыюу салынат.

Эгерде техникалык себептерден улам видеого тартуу мүмкүн болбой калса, текшерүү эң көп дегенде беш жумушчу күнгө токтотулушу мүмкүн. Бирок адамдардын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч аныкталса, текшерүү жазуусуз эле улана берет.

Инспекторлордун жеке жоопкерчилиги

Мыйзам долбоору ошондой эле кызмат адамдарынын мыйзамсыз чечимдери үчүн материалдык жоопкерчилигин карайт.

Эгерде мамлекет ишкерге келтирилген зыяндын ордун толтуруп берсе, ал эми инспектордун атайылап жасаган аракети же одоно этиятсыздыгы сот тарабынан аныкталса же кызматтык милдеттерин одоно бузгандыгы кызматтык иликтөө менен тастыкталса, мамлекеттик орган үч айдын ичинде күнөөлүү адамдан төлөнгөн каражатты өндүрүп алуу боюнча талап коюуга милдеттүү болот.

Бул милдетти аткарбаган мекеме жетекчисин тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Демилгечи белгилегендей, бул өзгөртүүлөр ишканаларды негизсиз жабуу учурларын азайтып, ишкерлердин укуктарын коргоого жана санитардык текшерүүлөрдөгү коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө тийиш.

Ишканаларды кайсы мыйзам бузуулар үчүн жабууга болот?

Мыйзам долбоору адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаралган учурда гана объекттин же анын бир бөлүгүнүн ишин убактылуу токтотууга уруксат берүүнү сунуштайт.

Мындай мыйзам бузуулардын тизмесине төмөнкүлөр киргизилген:

  • продукцияда, ичүүчү сууда же объектте кооптуу микроорганизмдердин, токсиндердин, уулуу же радиоактивдүү заттардын жол берилген чектен ашып кетиши (изилдөөлөр менен тастыкталган болсо);
  • ишкананын продукциясына, кызмат көрсөтүүлөрүнө же иштөө шарттарына байланыштуу жугуштуу оорулардын же уулануулардын катталышы;
  • жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же келип чыгышы белгисиз болгон тамак-аш чийки затын колдонуу;
  • ичүүчү суусуз же коопсуздук талаптарына жооп бербеген сууну колдонуу менен продукция чыгарууну же коомдук тамактануу жайынын ишин улантуу;
  • медициналык, косметологиялык жана башка инвазивдик кызматтарды көрсөтүүдө аспаптарды милдеттүү стерилдөөдөн же дезинфекциялоодон өткөрбөө.

Министрлер кабинети бул тизмени адамдардын ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган башка мыйзам бузуулар менен толуктай алат. Ошол эле учурда бул чектөөлөр карантин киргизүүгө жана башка эпидемияга каршы иш-чараларга тиешелүү болбойт.

Ишти токтотуу жана продукцияны алып коюу жөнүндө чечимдерди себептерин көрсөтүү жана тастыктоочу далилдерди тиркөө менен жазуу жүзүндө тариздөө сунушталууда.

«Инспекторлор чечимдин көчүрмөсүн текшерүү материалдары менен кошо ошол эле күнү ишкерге тапшырышы, ал эми кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен прокуратурага жөнөтүшү керек болот. Мыйзам бузуулар жоюлгандан кийин ишкер ишти кайра жандандыруу жөнүндө арыз бере алат. Үч жумушчу күндүн ичинде көзөмөлдүк текшерүү жүргүзүлүп, чечим кабыл алынышы тийиш», — деп такталат салыштырма таблицада.

Эгерде лабораториялык изилдөө талап кылынса, ишти кайра жандандыруу маселеси анын жыйынтыктары алынгандан кийинки жумушчу күндөн кечиктирилбестен чечилиши керек.

Мөөнөттөрдү негизсиз бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми бизнеске келтирилген зыяндын ордун мыйзамда белгиленген тартипте толтуруп берүү сунушталууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top