Кыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргызстандын эл артисти Роза Аманова эл аралык «Küresel Sanat Ödülü» (Искусство жаатындагы глобалдык сыйлык) сыйлыгына ээ болду. Сыйлык Түркиянын Аланья шаарында өткөн Дүйнөлүк журналисттер кеңешинин VI Дүйнөлүк медиа жолугушуусунун алкагында тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Аземге 32 өлкөдөн 350гө жакын журналист жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук, маданий жана спорт тармактарынын ишмерлери катышкан.
Министрликтин маалыматында, Роза Аманова искусствону өнүктүрүүгө жана улуттук маданий мурасты сактоого кошкон салымы үчүн сыйланган.
“Аталган сыйлык артисттин жеке чыгармачылыгына берилген жогорку баа гана эмес, жалпы Кыргызстандын маданияты үчүн да маанилүү окуя болуп саналат. Ал улуттук искусствону дүйнөлүк аренада таанытууга өбөлгө түзөт”,- деп билдирди мекеме.