Кыргызстандык ветеринарлар «Веттория» эл аралык сыйлыгына арыз бере алышат

31-декабрга чейин үй жаныбарлары менен иштеген ветеринардык врачтар үчүн «Веттория» эл аралык сыйлыгына арыздар кабыл алынат. Ага каалаган өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын адистери жана клиникалары катыша алат. Катышуу акысыз.
Сыйлыкты Россиянын «Линтега» медиатобу жана «Ветеринария и жизнь» тармактык басылмасы негиздеген. Биринчи сезондун жеңүүчүлөрү 2027-жылдын 8-апрелинде Москвада жарыяланат.
Сыйлыкта сегиз номинация бар:
- «Жылдын ветеринардык врачы»;
- «Мыкты клиникалык долбоор»;
- «Биринчи ачылыш / инновациялык ыкма»;
- «Жылдын компетенциясы»;
- «Жылдын жаш адиси»;
- «Мыкты ветеринардык клиника»;
- «НИТА-ФАРМдын тандоосу»;
- «Аудиториянын фаворити».
Ар бир номинациянын жеңүүчүсү 100 миң рубль, экинчи орун үчүн – 70 миң, үчүнчү орун үчүн 50 миң рубль алат.
Жогорку ветеринардык билими жана үч жылдан ашык иш стажы бар практикалык ветеринардык врачтар арыз бере алышат. «Жылдын жаш адиси» номинациясы үчүн үч жылдан беш жылга чейинки стаж талап кылынат. Клиниканын атынан арызды анын жетекчиси же башкы врачы берет. Материалдар орус тилинде тапшырылат, башка тилдердеги документтерге котормо тиркелиши керек.
Арыздарды 13 эксперт баалайт, алардын арасында Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын ден соолугун сактоо уюмунун, ФАОнун, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Россиянын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү бар. Калыстар тобунун төрайымы – «Ветеринария и жизнь» басылмасынын башкы редактору Юлия Мелано.
Катышуу шарттары жана арыз формасы vetvrachgoda.vetandlife.ru сайтында жарыяланган.