Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды
28.07.2022 | 17:31
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Октябр райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-июлда милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылы февраль айында Н. аттуу жаран баасы 250 миң сом болгон “Subaru Legacy” унаасын сатып алам деген шылтоо менен алып, башка адамдарга сатып салганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (“Алдамчылык”) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 30 жаштагы С.С. аттуу жаран болуп чыккан. Соттун чечими менен шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улануууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом