Кыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылдыЖК комитети инвесторлорго жер берүүнүн жаңы эрежелерин жактырды
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды
28.07.2022 | 17:31
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 30 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Октябр райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-июлда милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, 2020-жылы февраль айында Н. аттуу жаран баасы 250 миң сом болгон “Subaru Legacy” унаасын сатып алам деген шылтоо менен алып, башка адамдарга сатып салганын билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (“Алдамчылык”) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал 30 жаштагы С.С. аттуу жаран болуп чыккан. Соттун чечими менен шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улануууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом