ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Бишкекте автобазадан чыккан өрттөн бир киши каза болду
17.12.2021 | 11:04
Бүгүн, саат 02.15тер чамасында Бишкектин Биринчи Май районундагы Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан автобазанын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, курулуш компанияларынын биринин кампасынын ички жасалгасы күйүп кеткен. Өрттүн жайылган аянты 50 чарчы метрди түзөт.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМ No4 бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 05:17де өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен болжол менен 45-50 жаштардагы К.Н.нын жансыз денеси табылган.
Сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом