Кыргызстан Кытай менен жүк ташууну эки эсеге көбөйттүүдө

Кыргызстан Кытай менен жүк ташууну эки эсеге көбөйттүүдө

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 2021-жылдын 11 айындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Тактап айтканда, «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттери аркылуу жүк ташууларды көбөйтүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган милдеттердин аткарылышы тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, бул багытта бир топ иштер аткарылып, бүгүнкү күндө аталган посттор аркылуу жүк ташуу байкаларлык көбөйдү.

«Бул өткөрүү пункттары аркылуу ноябрь айында күнүнө 30дан 60 вагонго чейин жүк ташылып келсе, азыр бул эки өткөрүү пунктунан күнүнө 125 унаа өтүп жатат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик, анткени бажыдан түшкөн кирешенин 70% Кытайдан келет. Ошентип, ноябрь айында белгиленген планды 100 процентке аткара алдык», — деди Бажы кызматынын жетекчиси.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>