Окуучу кыздар кызыктуу эксперименттерди кылышты (ФОТО)

Окуучу кыздар кызыктуу эксперименттерди кылышты (ФОТО)

Окуучу кыздар химия боюнча кызыктуу эксперименттерди өткөрүп, буюмдун креативдүү дизайнын түзүү үчүн ар түрдүү графикалык. Бул туурасында Кыргызпатенттен билдиришти.

Маалыматка караганда, № 95 мектеп-гимназиясынын окуучу кыздарына 16-декабрда Кыргызпатент “Билимтек” жоопкерчилиги чектелген коому менен бирге Инновациялык борбордо “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “STEAM билим берүү” боюнча мастер-класс өткөрдү. Анда окуучу кыздар химия боюнча кызыктуу эксперименттерди өткөрүп, буюмдун креативдүү дизайнын түзүү үчүн ар түрдүү графикалык редакторлор менен иштөөнү үйрөнү, FabLab өндүрүштүк лабораториясында лазердик кесүү менен даяр макетти иштеп чыгуу процесси менен таанышып чыгышты.

Максаты – кыздарды билим берүү жаатындагы илимий-техникалык багытты изилдөөгө тартуу жана аларды таанып-билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердигин өнүктүрүүгө шыктандыруу.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуучу кыздарга сертификаттар жана Кыргызпатенттин “Идеядан ойлоп табууга чейин” усулдук окуу куралы тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>