Ысык-Көлдө 1 млн сомдон ашык айып пулу бар айдоочу кармалдыБишкектеги көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү: ондогон көчөлөр бириктирилип, көнүмүш аталыштар башка даректерге «көчүрүлдү»Бишкекте жакында үч жаңы өнөр жай ишканасы ачылатБишкектеги Улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» башталды26-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болотЖолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылууда
Бишкекте автобазадан чыккан өрттөн бир киши каза болду
17.12.2021 | 11:04
Бүгүн, саат 02.15тер чамасында Бишкектин Биринчи Май районундагы Васильевский тракт көчөсүндө жайгашкан автобазанын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, курулуш компанияларынын биринин кампасынын ички жасалгасы күйүп кеткен. Өрттүн жайылган аянты 50 чарчы метрди түзөт.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМ No4 бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 05:17де өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен болжол менен 45-50 жаштардагы К.Н.нын жансыз денеси табылган.
Сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом