Бишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумдуДмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып бердиБыйыл агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилдиБир басуудагы коркунуч: алдамчылар вирус жуккан телефондор аркылуу акчаны кантип уурдашат жана бул учурда эмне кылуу керек?Бишкектин «Ак-Босого» конушунда 3-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Быйыл агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди
30.10.2026 | 11:17

Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин колдоо багытында 2026-жылы 12 млрд 645,7 млн сом көлөмүндө жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, учурда тармакты каржылоо боюнча сегиз долбоор ишке ашырылып, жалпы 10 миң 599 насыя берилген. Ал эми мамлекеттик субсидиялардын көлөмү 1 млрд 198 млн сомду түзгөн. Насыялар жылдык 2–6% менен 3 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө, 6 айдан 12 айга чейинки жеңилдетилген мезгил менен каралган.
Аймактар боюнча бөлүнгөн каражаттын көлөмү:
- Чүй облусу — 3 млрд 798,6 млн сом;
- Ысык-Көл облусу — 2 млрд 218,9 млн сом;
- Жалал-Абад облусу — 1 млрд 910,5 млн сом;
- Ош облусу — 1 млрд 547,5 млн сом;
- Талас облусу — 1 млрд 483,5 млн сом;
- Нарын облусу — 1 млрд 176,5 млн сом;
- Баткен облусу — 510,1 млн сом.
Министрлик келе жаткан 2027-жылга айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн жалпы суммасы 20 млрд сомду түзгөн беш каржылоо долбоору сунушталып, учурда кароодо турганын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба министрлиги, насыя