Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдар

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстанда жол кырсыктарынын кесепетинен 572 адам, анын ичинде 88 жаш бала каза тапты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын Укуктук статистика чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгына таянып билдирди.
Жалпысынан тогуз ай ичинде өлкөдө 3 миң 624 жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге аз. Жол кырсыктарынан жалпы 5 миң 519 адам, анын ичинде 1 миң 140 бала жаракат алган.
Кырсыктардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (27,4%), Чүй облусунда (24,2%) жана Ош облусунда (14,8%) катталган.
Мас абалындагы айдоочулардын күнөөсү менен 170 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 1,4 эсеге азайган.