Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 6,9%га өстү

2026-жылдын 44-жумасында (24–31-октябрь) Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) 10 432 учуру катталды. Бул мурунку аптага салыштырмалуу 6,9%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ооругандардын көрсөткүчү калктын 100 миңине 142,1 учурду түздү.
Ооругандардын 68,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзгөн (7 103 учур).
Лабораториялык мониторингдин маалыматына ылайык, ооруну козгогучтардын арасында риновирустар басымдуулук кылат (47,6%). Парагрипптин үлүшү 21,5%, аденовирустардыкы — 13,8%, сезондук коронавирустардыкы — 10,2%, бокавирустардыкы — 6,1%, респиратордук-синцитиалдык вирустуку — 0,8%.
Эмдөө. Саламаттык сактоо министрлиги «Гриппол+» вакцинасынын 63 734 дозасын сатып алды. Өлкө боюнча эмдөө уланууда. Биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген адамдарга: өнөкөт оорулары барларга, 65 жаштан жогоркуларга, кош бойлууларга, бат-баттан ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине эмдөө жүргүзүлөт. Алар үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунда вакцина акысыз берилет.
Калган каалоочулар акы төлөп, 12 жеке клиникадан эмдөөдөн өтө алышат.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда балдардагы КРВИ боюнча колл-борборлор иштейт. Ата-энелер оорунун алгачкы белгилери байкалганда аралыктан кеңеш алып, кошумча текшерүүдөн өтүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгын биле алышат.
Саламаттык сактоо министрлиги колду самындап үзгүлтүксүз жууп турууну, бөлмөлөрдү желдетүүнү, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз менен мурунду жабууну, эл көп чогулган жерлерде беткап тагынууну жана үшүп калуудан сактанууну сунуштайт. Оорунун белгилери байкалса, үйдө калып, дарыгерге кайрылуу керек. КРВИ белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектепке жана бала бакчага жибербөө зарыл.