Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылат
24.06.2026 | 16:27

26-июндан тарта Бишкек шаарында М. Иманалиев көчөсүн реконструкциялоо иштери башталат. Буга байланыштуу аталган көчөдө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта көчөнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Экинчи этаптын алкагында болсо Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки тилкеде кыймыл чектелет.
Мэрия шаар тургундарын жана айдоочуларды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырды. Бул иштер шаардын жол тармагын жаңылоого жана тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом