Чоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт

11-июлда Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан айылында «Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026» аттуу экологиялык фестиваль өткөрүлөт. Иш-чара «Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи» темасына арналат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Фестивалдын максаты — экологиялык аң-сезимди жогорулатуу, ак илбирсти сактоо маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу жана экотуризмди жайылтуу болуп саналат.
Фестивалдын программасында:
- «Ак илбирс жана жаштар — жаратылышты коргоодо» жана мода сынактарынын жеңүүчүлөрүнүн өнөрлөрү;
- экологиялык продукциялардын жана фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү;
- балдардын сүрөт сынагы жана мастер-класстар;
- жаа атуу, күрөш жана «Ак илбирстин секириги» спорттук таймаштары;
- каскадёрлордун шоусу жана тайган-шоу.
Иш-чара билим берүүчү, маданий жана интерактивдүү форматтар аркылуу жаратылышты коргоо маданиятын калыптандырууну көздөйт. Фестиваль саат 09:30да башталат. Уюштуруучулар бардык каалоочуларды жана экологиялык уюмдарды иш-чарага катышууга чакырат.
Фестиваль «Илбирс — Зеленое поколение» коомдук фонду, Жаратылыш ресурстары министрлиги, Ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан уюштурулууда.