Кыргызстанга жарым жылда 709,9 млн доллар түз чет элдик инвестиция тартылды

18.11.2026 | 14:47
Кыргызстанга жарым жылда 709,9 млн доллар түз чет элдик инвестиция тартылды — Новости Кыргызстана

2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга тартылган түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 709,9 млн долларды түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 пайызга көп.

Жалпысынан 2025-жылы түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1 млрд 310,8 млн долларды түзгөн.

Касымалиев 2025-жылы инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча кошумча чараларды караган инвестициялар жөнүндө мыйзам кабыл алынганын эске салды. Ошондой эле улуттук инвестициялык долбоорлор үчүн салык жана жер боюнча жеңилдиктер каралган.

Мындан тышкары, «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагы түзүлгөн.

2026-жылдын октябрь айына карата 59 демилгеге мамлекеттик маанидеги долбоор жана улуттук инвестициялык долбоор макамы берилген.

Scroll to Top