Бишкекте ачкыч тууралап Honda Fit айдап качкан эркек кармалды

Бишкекте Honda Fit унаасын айдап качууга шектелген эркек киши кармалды, деп билдирет борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы.
Милициянын маалыматына караганда, укук коргоо органдарына унаанын ээси арыз менен кайрылган. Ал 12-ноябрда болжол менен саат 14:10до белгисиз адам Сарыкулаков көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринин алдындагы унаа токтотуучу жайда турган кара-көк түстөгү Honda Fit автоунаасын ээлеп алганын билдирген.
Милициянын маалыматы боюнча, кылмышкер ачкыч тууралап, токтоп турган унааны айдап качып кеткен.
Жабырлануучунун арызынын негизинде Ленин райондук ИИБсинин Тергөө кызматы Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу») боюнча кылмыш ишин козгоду.
Тергөө амалдарынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери унааны айдап качты делген адамдын өздүгүн аныкташты. Ал 1991-жылы туулган С. К. аттуу жаран болуп чыкты.
Шектүү кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Honda Fit унаасы мыйзамдуу ээсине кайтарылды. Транспорт каражаты кылмыш иши боюнча буюм далили катары таанылды. Тергөө уланууда.