“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Бишкекте мэрдин кубогуна арналган мелдеш өтөт
18.11.2022 | 14:46
Бишкек шаарында 19-ноябрдан 11-декабрга чейин мэрдин кубогуна түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңештин арасында мелдештер өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдеш спорттун кичи футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш сыяктуу түрлөрү боюнча өтөт. Мелдешке катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген.
Кичи футбол боюнча алдын ала оюндар 19-ноябрда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде башталат. Волейбол боюнча алдын ала оюндар 20-ноябрда №62 мектеп гимназиясынын спорт залында башталат.
Спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештер 3-декабрда башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Спорт