Ошто жаш жигитти түндө тоноп кетишти

Ошто жаш жигитти түндө тоноп кетишти

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери адам тоноп жүргөн эки жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-ноябрга караган түнү Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүндө 20 жаштагы К. уулу С. аттуу жаранды 2 белгисиз жарандар коркутуп, жанындагы 9800 сом акчасын ачык түрдө тартып алышып, изин жашырып кетишкен.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү жарандар издөөгө алынып, 17- ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы тургуну С.Т. жана анын кылмыштуу шериги, Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну Ж. уулу У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кармалган шектүүлөр мура дагы ушул сыяктуу кылмыш жасагандыктары үчүн мурда соттолуп чыгышкан.

Учурда алардын үстүнөн адам тоногондугу үчүн (Кылмыш кодекси, 206-берене) кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош тоноо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>