Рецептсиз күчтүү дарыларды саткан дарыканалар аныкталды

Рецептсиз күчтүү дарыларды саткан дарыканалар аныкталды

Жалал-Абад шаарында рецептсиз күчтүү дары-дармектерди саткан дарыканалар аныкталды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар департаментинин түштүк филиалынын өкүлдөрү менен бирдикте дарыгердин рецепти боюнча дары-дармек каражаттарын (баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери менен) сатуунун мыйзамдуулугу боюнча дарыканаларга рейд жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз саткандарыканалар тармагын аныкталган. “Текшерүү сатып алуунун” жүрүшүндө дары-дармекти рецептсиз эле сатып алууга мүмкүн болгондугу тастыкталган. Мындан тышкары, ыкчам кызматкерлер баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармек каражаттарын аныкталып алынган.

Алынган заттардын жалпы салмагы: 1.170 мл. жана 350 капсуланы түздү. Дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылды. ИИМдин БМЖКККнын бүт республика боюнча мындай түрдөгү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүп турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>