Кыргызстан менен Грузиянын парламент төрагалары Бишкекте алгачкы жолу жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 3-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маматалиев эки өлкөнүн парламент жетекчилеринин мындай жолугушуусу алгачкы жолу өтүп жатканын белгиледи. Алгач Жогорку Кеңештин имаратынын жанынан конокту тосуп алып, ага парламенттин музейин жана жыйындар залын көрсөттү. Андан соң тараптар кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери талкууланды.
«Кыргызстан Грузия менен достукка жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар. Тактап айтканда, транзит, логистика, инвестиция жана туризм тармактарында тажрыйба алмашууга, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында биргелешип иштөөгө даярбыз», — деди Маматалиев.
Ал практикалык кадамдар катары тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун өз ара аракеттенүүсүн, ошондой эле эл аралык аянтчалардагы кызматташтыкты атады.
Төраганын айтымында, азыркы товар жүгүртүүнүн көлөмү эки өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук чагылдырбайт. Ал энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана фармацевтика тармактарындагы кызматташтыкты жандандырууну жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.
Маматалиев Грузияга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчуларын катыштырганы жана Тбилисидеги паркка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилгени үчүн да ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн маданият күндөрүн өткөрүүнү жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Жолугушууда Грузияга барууну каалаган кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын эске алуу менен визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү демилгеси да көтөрүлдү.
Папуашвили сапарды тарыхый деп атап, Маматалиевди Грузияга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Ал «байыркы Жибек жолун кайра жандандырган» транспорттук коридорлор аркылуу логистика жана энергетика тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Ошондой эле Грузиянын көптөгөн тургундары Кыргызстандагы жаратылышка кызыгарын белгилеп, туризм тармагындагы кызматташтыктын актуалдуулугуна токтолду. Мындан тышкары, эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык аянтчалардын алкагында парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө чакырды.
Жолугушуунун соңунда Маматалиев конокко Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, жыйындар залынын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.