Бишкекте сурдо эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкекте сурдо эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда сурдо эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, турнирдин жыйынтыгында эркин күрөшү боюнча кадеттер бөлүмүндө 65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медалга ээ болду. 55 килограммга чейинки салмак категориясында Садырбеков Тариел күмүш медаль тагынды. 48 килограммга чейинки салмак категориясында Уланов Арлен жана 71 килограммга чейинки салмак категориясында Сабиралиев Бексултан үчүнчү орунду ээледи.

Чоңдор арасында 74 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медалдын ээси Жапаркулов Адилет болду. Ал эми Алмазбек Исаков 65 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты 3-сентябрда башталып, 11-сентябрда жыйынтыкталды. Турнирге жалпысынан дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 250дөн ашык спортчу катышып, Кыргызстандын намысын 15 балбан коргоду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>