Кореялык фонд Балыкчыга үч автобус белек кылмай болду

Кореялык фонд Балыкчыга үч автобус белек кылмай болду

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Кореядан келген  “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Хие Ги Бок баштаган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу паралменттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган коомдук кайрымдуулук фонд Кыргызстанга бир топ жылдан бери социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Жолугушуу учурунда “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фонду Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына келерки жылдын май айында эл ташуучу үч автобус белек кылары айтылып, каражатты жыл аягына чейин бөлүп бермей болду.

Депутат Максатбек Сарбагышев кыргыз элине ар дайым социалдык жактан колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

 “Сиздердин жардамыңыздар менен Ысык-Көл облусундагы элдин бир топ социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрү чечилгени турат. 13 жылдан бери карапайым калтын муктаждыктарын жеринен көрүп, алардын бакубат жашоосуна салым кошуп жатканыңыздарга ыраазыбыз”, — деди эл өкүлү.

Өз кезегинде, “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Хие Ги Бок эки элдин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да жакшыртуу ниетинде экенин билдирди.

Ошондой эле, жолугушууда Ысык-Көл облусунун экологиялык көйгөйлөрү, бейтапканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо маселелери айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>