Алайдын Чий-Талаа айылында 60 орундуу бала бакча ачылды

Алайдын Чий-Талаа айылында 60 орундуу бала бакча ачылды

Ош облусунун Алай районундагы Чий-Талаа айылында 60 орундуу бала бакча иштей баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, айылдагы Б. Абжапаров атындагы мектептин бош турган имараты оңдолуп, анын ордуна «Акпари эне» бала бакчасы ачылган.

Аталган имаратты оңдоого, жабдууларды сатып алууга Алай райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 553 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 237 миң сом жана демөөрчүлөр тараптан 350 миң сом бөлүнгөн. Бала бакчада 16 киши иштейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>