Бишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдө

17.10.2026 | 15:36
Бишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдө — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы К.Н. жана кызматкери С.К. кармалды. Алар айыл өкмөттүн карамагындагы жер тилкелерине байланыштуу алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматында, аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө органдарына бул иш боюнча 200дөн ашуун (анын ичинде кошумча 185тен ашык) жарандан арыз түшкөн.

Учурда окуянын жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Scroll to Top