Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту

Ереван шаарында COP17 Лидерлер саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар билим берүү, илим, маданият, санариптик технологиялар жана жаратылыш менен тарыхый мурастарды сактоо багыттарындагы кызматташтыкты талкуулашкан.
Садыр Жапаров Кыргызстандын ЮНЕСКО менен кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкө 2025-2029-жылдарга Уюмдун Аткаруу кеңешине шайланганын эске салган. Ошондой эле ал Ысык-Көлдү коргоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесине ЮНЕСКОнун эксперттик жардамы жана өнөктөштөрдү тартуусу керектигин билдирген.
Мындан тышкары жолугушууда 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү маселеси каралып, Садыр Жапаров Халед Аль-Ананини бул саммитке катышууга чакырган.
Өз кезегинде Халед Аль-Анани Кыргызстандын көчмөн маданиятын сактоо аракетин белгилеп, өлкөнү эл аралык деңгээлде колдоого, ошондой эле билим берүү жана маданият тармактарындагы өнөктөштүктү улантууга даяр экенин билдирген.