Декабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын айлыгы көбөйтүлөт

2026-жылдын 1-декабрынан тартып укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын айлыгы жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго жогорулатылып, ошол эле учурда кызмат өтөгөндүгү үчүн төлөнүүчү үстөк акылар кыскартылат. Акчалай камсыздоонун көлөмү кызматкердин ээлеген кызматына, атайын наамына жана эмгек стажына жараша эсептелет.
Кызматка биринчи жолу кабыл алынган, кызмат өтөгөн жылдары жана атайын наамы жок кызматкерлердин айлыгы кеминде 4 миң сомго көбөйөт. Ал эми пенсиялык компенсация алууга тиешелүү кызмат өтөгөн жылдары бар кызматкерлердин акчалай камсыздоосу 10 миң сомдон ашык өлчөмдө жогорулайт.
Кызматтык маянанын көбөйүшүнө байланыштуу эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттардын, кызматтан бошотуу жөлөкпулдарынын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү да өсөт. Мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн пенсионерлеринин пенсиялары 10 миң сомго чейин жогорулатылат.