Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
Унаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү
17.10.2026 | 12:00

«Түндүк» мобилдик колдонмосунда автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерин кайра тариздөө кызматы онлайн режимде жеткиликтүү болду. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Жаңы функция мамлекеттик номерди башка адамга өткөрүп берүү жараянын санариптештирди. Каттоо ишин номердин учурдагы ээси баштайт, ал эми номер өткөрүлүп жаткан адам өз тарабынан ырастайт.
Кызматты колдонуучулар процесстин бардык баскычтарын онлайн жүргүзүп, арыздын статусун мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөй алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: унаа