Чүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат

17.10.2026 | 11:00
Чүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат — Новости Кыргызстана

21–22-октябрь күндөрү Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры Талас шаарында гастролдук сапарын өткөрөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Спектаклдер Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын сахнасында коюлат. Программанын алкагында көрүүчүлөргө эки чыгарма сунушталат. Алар:

  • 21-октябрда драматург Мар Байжиевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Кыз-күйөө» драмасы;
  • 22-октябрда «Сексендеги Сейненин 80-дискотекасы» аттуу комедиясы.

Бул гастролдун максаты аймактарда театр искусствосун жайылтуу, калктын маданий турмушун кеңейтүү жана театрлар аралык чыгармачылык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Scroll to Top