Чүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылды

17.10.2026 | 14:05
Чүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылды — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 17-октябрда, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусунун ооруканаларына берилет.

Министрлик унаалар ата мекендик саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кызыкдар өнөктөштөрдүн колдоосу менен берилип жатканын билдирип, бирок өнөктөштөр ким экенин ачыктаган жок.

“Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт”,- деп билдирди мекеме.

Scroll to Top