GTA 6 чыкты: оюн Metacritic сайтында 100дөн 99 балл алдыКыргызстанда быйыл 2,3 млн тоннадан ашуун дан эгини жыйналдыБишкекте 17 жаштагы спортчу кызга кол салуу: шектүү азырынча табыла элекӨлкөдө күн кайрадан жылыйт: 19-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — Туманбаев
Бишкекте 17 жаштагы спортчу кызга кол салуу: шектүү азырынча табыла элек
19.11.2026 | 09:58

Бишкекте Түркиядагы дүйнө чемпионатына барганы жаткан 17 жаштагы кызга кол салынгандан бир жума өтсө да, шектүүнүн өздүгүн аныктоо же аны кармоо тууралуу азырынча расмий маалымат жок.
Окуя 11-ноябрда саат 02:49дар чамасында «Көк-Жар» конушунда болгон.
Жабырлануучунун эжесинин айтымында, белгисиз эркек кыздын артынан ээрчип келип, андан соң ичине тээп, чемоданын тартып алууга аракет кылган. Кыз сумкасы менен коргонуп, жардамга чакыра баштаган. Кыйкырыкты угуп, ага курбусу чуркап келген. Андан кийин кол салган адам качып кеткен, бирок тууганынын айтымында, кетер алдында кайра келерин айтып коркуткан.
Буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан (РИИБ) бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдиришкен.
Окуя болгондон бери сегиз күн өттү, бирок кол салган адамдын өздүгү аныкталганы же кармалганы тууралуу расмий маалымат түшкөн жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар