Баткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаган
Бишкектин Жеңиш турак жай конушу 18-февралда суусуз калат
16.02.2025 | 16:50
Бишкек шаарынын Жеңиш турак жай конушунда 18-февралда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 10:00дөн 15:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Ичүүчү сууну өчүрүү “Жеңиш” суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар